Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси кызматына киришти

13.06.2020 18:20
765
Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси кызматына киришти


2020-жылдын 30-апрелинде Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Хуршид Мирсабирович Мирзахидов бүгүн, 13-июнда өлкөбүздүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.


Министр Ч.Айдарбеков өзбек элчисин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады деп айтылат ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.


Хуршид Мирзахидов 1971-жылы 21-июлда Ташкентте төрөлгөн. Кесиби радио байланыш, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү инженери – Ташкент электротехникалык байланыш институтун аяктаган. 2015-2017-жылдары маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар министри, 2017-жылдын 2-февралынан 3-августуна чейин Өзбекстан УТРКсынын төрагасы, 2017-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 30-апрелине чейин Автомобиль жолдору боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Бир кыз жана эки уулдун атасы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн