Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өзбекстандын Муфтийи 71 жашында каза болду

15.08.2021 14:51
504
Өзбекстандын Муфтийи 71 жашында каза болду

Өзбекстан мусулмандарынын Муфтийи Усмонхон ажы Алимовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өзбек элине көңүл айтты. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы кабарлады.  


 “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз!” -إِنَّا لِلَّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ


Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы жолу телефон менен сүйлөшүп, жолугушуп, эки элдин ынтымагын бекемдөө жана Дин Башкармалыктар аралык кызматташууну, тажрыйба алмашып, достук алакаларды бекемдөөнү сүйлөштүк эле. Аттиң, кабыргам кайышып, эмне деп айтууну дагы билбей турам. Адамдык сыпаты бийик, жөнөкөйлүгүндө кеп жок инсан эле. Алла Таалам бардык үммөт үчүн жасаган асыл амалдарын, динибизге кылган кызматтарын, агартуу аракеттерин кабыл кылсын. 


Кыргыз элинин атынан боордош өзбек элине, Өзбекстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешине, Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатына, Муфтий Усмонхон ажы Алимовдун үй –бүлөсүнө, балдарына, жолдошторуна, бир туугандарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.


Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35). 

Алла Таалабыз сиздерге күч-кубат берсин. Жаратканыбыз боордош өзбек элине кайраттуулукту берип, маркум муфтийибиз Усмонхон ажыны Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин.


Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан үй-бүлөсүнө тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Сабыр кылыңыздар! 


Терең кайгыруу менен көңүл айткан, 


Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн