Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 13:02
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Бишкекке келди

23.09.2025 11:14
16
Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Бишкекке келди


Бүгүн, 23-сентябрда Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева баштаган парламенттик делегация Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына учуп келди.


Делегацияны «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева тосуп алды.


Белгилей кетсек, аталган форумдун негизги максаты – Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.


Форумдун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат: «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу».

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн