Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан өлкө аймагына беш снаряд түшкөнүн жарыялады

06.07.2022 13:25
559
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан өлкө аймагына беш снаряд түшкөнүн жарыялады


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 5-июлда өлкөнүн Ооганстан менен чектеш аймагына беш ракета түшүп, бирок жарылбаганын билдирди. Бул тууралуу ТИМдин расмий сайтында жарыяланды.


Болжол менен снаряддар Ооганстандын аймагынан келген. Табылгандан кийин сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылган.


Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, снаряддар түшкөндө жарылуулар болгон эмес, адам курмандыктары жана кыйроолор болгон эмес. Ошол эле учурда Термез шаарындагы Мажнунтол кичи районундагы төрт жеке турак жайга бир аз зыян келтирилген. Ал эми бешинчи снаряд футбол талаасына түшкөн.


Учурда Өзбекстандын компетенттүү органдары ооган тарап менен биргеликте окуянын себептерин тактап жатышат, деп кошумчалады Тышкы иштер министрлиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн