Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзбекстандын мамлекеттик карызы бир жылда 5 млрд долларга өстү

01.03.2021 07:55
719
Өзбекстандын мамлекеттик карызы бир жылда 5 млрд долларга өстү

Өзбекстандын мамлекеттик карызы 2021-жылдын 1-январына карата 23,3 миллиард АКШ долларын же ИДПнын 40,4 пайызын түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды.


Мамлекеттик тышкы карыз 34,4 пайызга - 21,1 миллиард долларга чейин (ИДПга карата 36,5 пайыз) чейин көбөйгөн. Анын ичинен 15,1 миллиард доллар (71,4 пайыз) өкмөттүн атынан көтөрүлгөн карыз, 6 миллиард доллар (28,6 пайыз) Өзбекстан тарабынан кепилденген.


Ички карыз 5,4 пайызга көбөйүп, 2,2 миллиард долларды түздү (ИДПга карата 3,9 пайыз). Анын ичинен 0,4 миллиард доллар - мамлекеттик баалуу кагаздар, 1,8 миллиард доллар мамлекет кепилдеген ички карыз.


2020-жылы тышкы карыздарды тартуу боюнча жаңы кол коюлган келишимдердин көлөмү белгиленген 5,5 миллиард доллар (5,35 миллиард доллар) чегинде болсо, 2021-жылы 5 миллиард доллар чеги белгиленген.


Өзбекстандын мамлекеттик карызы 2020-жылдын 1-январына карата 17,8 миллиард долларды түзгөн же ИДПнын 30,8 пайызын түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн