Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү вертолёт менен Сохко барды

03.06.2020 10:47
2076
Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү вертолёт менен Сохко барды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун тапшырмасы менен өкмөт өкүлдөрү Сохко барды. Бул тууралуу “Газета.uz” маалымдады.


Анда айтылгандай, Сох анклавына тик учак менен барган чиновниктердин арасында премьер-министрдин биринчи орунбасары Очилбой Раматов да бар.


“Сохко премьер-министрдин биринчи орунбасары Очилбой Раматов, агрардык саясат жана тамак-аш боюнча орун басары Уктам Барнаев, социалдык өнүгүү боюнча орунбасары Бехзод Мусаев, өкмөт башчынын дагы бир орун басары Сардор Умрзаков, билим берүү министри Шерзод Шерматов, айыл-чарба министри Жамшид Хужаев, спорт министри Дилмурод Набиев жана башкалар барды”, - деп айтылат аталган маалыматта.


Маалым болгондой, Өзбекстан Сохтогу абалды жакшыртуу жана ал жердеги жашоо-шартты оңдоо үчүн атайын программа иштеп чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн