Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен Саида Мирзиёева президенттик аппараттын коммуникациялар жана маалымат саясаты секторунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары кабарлады.
Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Шерзод Асадовдун айтымында, жаңыдан түзүлгөн бул сектор коомдук пикирди жана маалыматтык саясатты изилдөөгө жооптуу администрация башчысынын орун басары системасынын түзүмүнө кирет. Саида Мирзиёева ошондой эле социалдык тармактагы, маданият жана билим берүү тармагындагы реформалардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн