Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өзбекстандын тышкы иштер министри Садыр Жапаровду Өзбекстанга чакырды

27.02.2021 14:23
971
Өзбекстандын тышкы иштер министри Садыр Жапаровду Өзбекстанга чакырды

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, өлкөгө иш сапары менен келген Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.


 Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты.


 Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин жана 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мамлекеттердин бири-бирине колдоо көрсөткөнүн белгиледи.


 Мамлекет башчысы Кыргызстандын өз ара колдоого негизделген жана эки боордош элдин кызыкчылыктарын канааттандырган достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигине өзгөчө токтолду.


 Президент Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жолдоду.


 Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда жакшы база түзүлүп, эки тараптуу алакаларды тереңдетүү үчүн бардык керектүү инструменттер бар экенин белгиледи.


 Ал тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелердин бардык чөйрөсү туруктуу талкууланып жаткандыгын жана сүйлөшүүлөр өз ара ишенимдин негизинде, эки өлкөнүн бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.


 Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн