Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өзбекстандын тышкы иштер министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

27.02.2021 14:18
1093
Өзбекстандын тышкы иштер министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Бүгүн, 27-февралда Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Иш-сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысын Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашылат.

Кыргыз Республикасынын президентинин Өзбекстан Республикасына жакынкы арада боло турган иш-сапарын уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн