Биринчи жарым жылдыкта Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 2 миллиард долларга өсүп, 35,9 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.
Жалпы тышкы карыздын ИДПга карата катышы 57%ды түздү.
2021 -жылдын биринчи жарымында жаңы кредиттерди тартуунун жана негизги карызды төлөөнүн эсеби 22 миллиардды түзгөн.
Кошумчалай кетсек, биринчи жарым жылдыкта жалпысынан 4,4 миллиард доллар карыз тартылган. Бул карыздын 1,2 миллиард доллары мамлекеттик сектордон, 3,2 миллиард доллары жеке сектордон келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн