Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өзбекстандын жараны Кыргызстанга 1,3 млн рублди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган

05.04.2023 16:52
283
Өзбекстандын жараны Кыргызстанга 1,3 млн рублди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган

Өзбекстандын жараны "Достук" өткөрмө пунктунан Кыргызстанга 1 млн 330 миң рублди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, "Оперативдүү" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө "Достук" алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз акча каражатын өткөрүүгө аракет кылган өзбек жараны П.Х.М.ны токтотушкан.


Кармалган жарандын мызамсыз алып өтүүгө аракет кылган акча каражатынын жалпы суммасы 1 млн 330 миң рублды түзгөн.


Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн КР транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн