Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө абал режиминин узарышы бүгүн, 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында белгилүү болгон.
“Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат”, — деген президент Сооронбай Жээнбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн