Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:25
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Өзгөчө абал деген эмне?

24.03.2020 10:45
969
Өзгөчө абал деген эмне?


25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал кирет. Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен болгон жолугушуда кабыл алынган.


Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус пандемиясына байланыштуу Коопсуздук Кеңеши менен жыйналыш өткөрүп анын жүрүүсүндө өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган болчу.

 

Өзгөчө абал деген эмне?


Мамлекеттик бийлик органдарынын жана ишканалардын, мекемелерди жана уюмдарды башкаруу ишмердиктеринин өзгөчө укуктук тартиби. Өзгөчө абал учурунда мыйзам менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө алынат. Ошондой эле аларга кошумча милдеттенмелер жүктөлүүсү мүмкүн. Өзгөчө абал убактылуу чара болуп саналат, жарандардын коопсуздугун жана республиканын конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыз кылуунун кызыкчылыктарында, мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү менен жарандардын коопсуздук коркунучун жоюу жана аларга зарыл жардамдарды көрсөтүү менен абалды тезирээк жөнгө салуу максатында гана киригизет.

 

Өзгөчө абалды ким киргизе алат?

 

Өзгөчө абалды Жогорку Кеңеш гана киргизе алат. Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына өзгөчө абалды токтоосуз Жогорку Кеңешке билдирүү менен, президент киргизе алат.

 

Өзгөчө абал жарыяланганда кимдер башкарат?


Өзгөчө 
абал жарыялангандан кийин Коргоо министрлигине аймактардагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тескөөчү жана аткаруучу милдеттери толук же тийиштүү чекте өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар атайын убактылуу органдарды түзө алышат.



Мамлекеттик органдар өзгөчө абал учурунда кандай чараларды колдоно алат?

 

Өзгөчө абалдын шартында белгилүү бир жагдайларга жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары төмөндөгү өзгөчө чараларды көрө алышат:

 

 1. Коомдук тарипти жана калктын жашоосун жана эл чарбасынын иштешин камсыз кылуучу объектилерди коргоого, ички иштер органдарынын, ички аскерлердин,  Улуттук гвардиянын жана Коргоо министрлигинин бөлүктөрүн тартууну;

 

2. Туруктуу же убактылуу турак-жайды милдеттүү түрдө берүү менен коркунучтуу чөлкөмдөрдөн жарандарды убактылуу көчүрүүнү;

 

3. Жарандардын келип - кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүүнү;

 

4. Айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну, коомдук тартипти бузган жергиликтүү эмес тургундарды, анын ичинде чет элдик жарандарды, алар туруктуу жашаган жерден же өзгөчө абал жарыяланган жерден сыртка өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберүүнү;


5. Жарандардан ок атуучу жана ок атпоочу куралдарды жана ок дарыларды, ал эми ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан окуп - үйрөнүчү аскер техникасын, жарылуучу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды таасири күчтүү химиялык жана уу заттарды убактылуу алууну;

 

6. Чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну;


7. Ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана сатуу боюнча пландарына өзгөртүү киргизүүнү, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө тартибин белгилөөнү, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелерин чечүүнү;


8. Мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кызматка коюуну жана бошотууну, жүйөлүү себептерден башка учурларда, жумушчулардын жана кызматчылардын өз ыктыяры менен иштен бошонуусуна тыюу салууну;


9. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды коюу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстарын пайдаланууну;


10. Иш таштоолорго тыюу салууну;


11. Эмгекке жарамдуу жарандарды ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы ишке, ошондой эле эмгек коопсуздугун камсыз кылуу менен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштерине тартууну;


12. Курал-жарактар, таасири күчтүү химиялык жана уу заттар, ошондой эле спирт ичимдиктери жана спирттүү заттар менен соода кылууга чек коюуну же тыюу салууну;


13. Карантин киргизүүнү жана башка милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү;


14. Эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн абалды курчутууга пайдаланылса, көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү аппаратураны, аудио жана видео техниканы пайдаланууну чектөөнү же тыюу салууну, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюуну, массалык маалымат каражаттарына киргизүүнү;


15. Байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү;


16. Дипломатиялык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан башкалардын транспорт каражаттарын анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарын чектөөнү жана аларды карап чыгууну;


17. Коменданттык саатты киргизүүнү;


18. Кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин иш-аракеттерин токтото турууну;


19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган, жарандардын куралдуу кошуундарын түзүүгө жана алардын иш-чараларына тыюу салууну;


20. Көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүүнү, ал эми зарыл учурларда жарандарда курал бар экендигин билдирген мааалымат болсо, жекече типтүүнү, буюм-тайымдарын, транспорт каражаттарын типтүүнү колдоно алышат.

 

Жогоруда жазылган коменданттык сааттын тартиптерин бузса, баш тартуу кезиксе, тартип бузууга алып келчү, чагымчылдык жаратчу айың, имиштерди жайылтса жазалоо каралган. Андан сырткары, милицияга, аскерлерге жана милдетин аткарып жаткан кызматкерлерге баш ийбегендер да жазага кириптер болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн