Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөчө абал кирген аймактарда транспорттордун кыймылы токтотулду

25.03.2020 11:33
764
Өзгөчө абал кирген аймактарда транспорттордун кыймылы токтотулду

 

Республикадагы өзгөчө абал кирген шаар жана райондордо транспорттордун кыймылы токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.


Маалматка ылайык, өзгөчө абал кирген аймактардагы ишканалар, мекемелер жана уюмдардын ишмердигине өзгөчө укуктук режим түзүлүүдө.


Ошондой эле, коомдук транспорттордо коронавирус илдетинин жайылуу коркунучу бар болгондуктан коомдук транспорттордун кыймылы, таксилердин ишмердүүлүгү токтотулат.


Өзгөчө абалдын талаптары аткарылбаган учурда шаардык таксилердин жана жүргүнчүлөрдү ташыган жеке таксилердин унаалары атайын токтотулуучу жайына киргизилип, режимди бузгандыгы үчүн айдоочуларга мыйзамга ылайык тиешелүү катуу чаралар көрүлөрү эскертилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн