Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:04
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Өзгөчө абал режими түштүк аймактагы райондордо жана Нарын шаарында узартылган жок

28.04.2020 16:37
1273
Өзгөчө абал режими түштүк аймактагы райондордо жана Нарын шаарында узартылган жок


“Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат”, — деген президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында.


Маалыматка ылайык, мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынган.


Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.


Ал эми Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Нарын шаарында өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.


Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан баштап киргизилген. Ал эми Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден тартып өзгөчө абал киргизилген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн