Жогорку
Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынында Кыргызстандын айрым аймактарында 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узартууну колдошту.
Эске салсак, 28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин узартуу боюнча Жарлыка кол койгон. Мындан соң документ парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.
Ал эми Жогорку Кеңештин 109 депутаты макул деген добушун берип, каршы чыккандар болгон жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн