Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөчө абал учурунда кайсы мекемелер иштей берсе болору жарыяланды

31.03.2020 11:05
737
Өзгөчө абал учурунда кайсы мекемелер иштей берсе болору жарыяланды


Өлкө аймагына киргизилген өзгөчө абал учурунда иштөөгө уруксат берилген мекемелердин тизмеси жарыяланды.


Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын өкүлдөрү аралыктан иштөөгө өтүүлөрү керек.

 

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси:


1. Саламаттыкты сактоо системасы:


- ооруканалар;


- лаборатордук кызматтар;


- үйүндө мед. кызматтарды көрсөткөн мекемелер;


- бардык менчик формадагы мед. мекемелер;


- ветеринардык тез жардам кызматтары;


- мед. товарларынын дистрибуциясы.


2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:


- электроэнергиялык компаниялар;


- суу менен камсыз кылуу;


- электриктер жана сантехниктердин кызматтары;


- өрт өчүрүү кызматы;


- көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;


- калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;


- дезинфекция;


- телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);


- аэропорттор;


- темир жол бекеттери;


- почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;
- соц. камсыздоо.


3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:


- тамак-аш өнөр жайы;


- айыл чарбасы;


- биринчи керектүү товарларды өндүрүү;


- химреагенттер;


- дары-дармек препараттары;


- мед. жабдуулар жана аспаптар;


- үй үчүн кагаз буюмдары;


- жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);


4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:


- азык-түлүк дүкөндөрү;


- дарыканалар;


- Күйүүчү май куюу жайлары;


- ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – алып кетүүгө гана иштейт;


5. Башка маанилүү кызматтар:


- азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;


- азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;


- банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);


- мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.


- жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);
- карылар үйлөрү;


- балдар үйлөрү;


- үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;


- жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;


- ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.


Мындан сырткары, унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек экени айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн