Коомдук унаалар эртеӊ мененки саат 07:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.
Белгилей кетсек, 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Мындай жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн