Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:03
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Өзгөчө абал учурунда укук бузууларга жоопкерчилик күчөтүлөт

03.04.2020 10:47
894
Өзгөчө абал учурунда укук бузууларга жоопкерчилик күчөтүлөт


Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда укук бузууларга жоопкерчилик күчөтүлөт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.


Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал учурунда укук бузууларга жоопкерчилик күчөтүлөрүн айтты. 


“Жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режими маалындагы талаптарды бузгандар, дары-дармектин наркын жогорулаткандар, такталбаган маалыматтарды тараткандар, коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар үчүн жаңы айыптар жана башка жоопкерчилик чаралары жөнүндө коомчулукка маалымат жеткирүү керек. Бардык жарандар, өзгөчө обсервация жана карантиндегилер жоопкерчиликти билүүсү керек жана аны унутпашы зарыл”, - деген Кубатбек Боронов.


Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда эреже бузгандарга төмөндөгүдөй чаралар көрүлөт. 


Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими киргизилген учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап бузуу, эгерде бул массалык ооруга чалдыгууга, адамдардын уулануусуна алып келсе, II категорияда (2,5 жылдан 5 жылга чейин) эркинен ажыратуу түрүндө жазага алып келет.


Жоруктар жөнүндө кодекстин 1191-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу үчүн 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин айыппул же 3 айдан 6 айга чейин эркинен ажыратуу, же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган. Бул берененин 2-бөлүгүндө өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилген учурдагы талаптарды бузуу үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул, же 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратуу, 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган.  


Ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекси 1271-берене менен толукталган, ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими шартында (карантин) чектөө эрежелеринин талабын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилет, бул үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейинки айыппул түрүндө жазалоо каралган. Өзгөчө кырдаал, же аскердик абал шартындагы ушундай жосун үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул салынат. 


Бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 491-берене киргизилүүдө, анда өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө, же аскердик абал режими учурунда дары-дармекти жогорулатылган баада сатуусу үчүн жоопкерчилик каралган. Аталган бузуулар боюнча айыппул боюнча төлөтүп алуу физикалык жактар үчүн – 10 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 28 миң сомду түзөт. 


Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар, же аскердик абал учурунда өздүктү күбөлөндүрүүчү документтерисиз, атайы берилген өткөрмөсүз көчөдө, же башка коомдук жайларда жүрүүсү үчүн 3 миң сом өлчөмүндө айыппул каралган. 


Өзгөчө кырдаал, өзгөчө, же аскердик абал режимдери киргизилген жерлерде такталбаган маалыматты таркатуу жолу менен коомдук тартипти жана физикалык жактардын тынчтыгын бузуу аракеттери үчүн физикалык жактарга – 5,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом айыппул каралат.


Өзгөчө кырдаал, өзгөчө, же аскердик абал режимдери учурунда бааны мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген азык-түлүктөргө карата баа өлчөмүнүн негизсиз жогорулатылышы физикалык жактар үчүн – 10 миң сом, юридикалык жактар үчүн 28 миң сом өлчөмүндөгү айыппулга алып келери эскертилет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн