Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөчө абал учурунда журналисттердин ишин чектеген чечим Жогорку Кеңеште сынга кабылды

01.04.2020 17:53
701
Өзгөчө абал учурунда журналисттердин ишин чектеген чечим Жогорку Кеңеште сынга кабылды


Бишкек шаарында өзгөчө абал учурундагы журналисттердин ишин чектеген чечим Жогорку Кеңеште сынга кабылды.

Бүгүн, 1-апрелде парламенттин жыйынында сүйлөп жатып депутат Садык Шер-Нияз вице-премьер-министр Эркин Асрандиевден эмне үчүн журналисттердин укугу чектелип жатканын сурады.  


«Эмне үчүн журналисттер ошол тизмеге кирбей калган? Эмне үчүн ал тизмеде мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана болуш керек? Бүткүл дүйнө жүзү маалымат ачык болгону үчүн Кытайдагыны укту, күрөшүп жатат. Эмне үчүн дүйнөдөгү тажрыйба Кыргызстанда болбошу керек?» - деди депутат.  


Мындан сырткары эл өкүлү парламенттин айрым мүчөлөрү да блокпосттон өтө албай, жумушка айланып келгенин белгилеп, жөнөкөй журналисттер жөн эле тепсендиде калып жатканын айтты.


Ал эми Эркин Асрандиев депутатка бул маселе комендатурада каралып жатканын айтып жооп берди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн