Бугу 07, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Өзгөчө абал узарса өкмөт муктаждарга азык-түлүктөн жардам берет

26.03.2020 15:23
815
Өзгөчө абал узарса өкмөт муктаждарга азык-түлүктөн жардам берет


Эгерде өзгөчө абал бир айдан ашык убакытка созулуп кете турган болсо, өкмөт калктын социалдык аярлуу катмарына азык-түлүктөн жардам берүү планын иштеп чыгат.


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында билдиргендей, эгерде өзгөчө абалдын убактысы дагы өзгөрө турган болсо өкмөт бул маселени караштырат.


Албетте, кары-картаңдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж жарандарга азык-түлүк продукцияларынан жана дары-дармек боюнча акысыз жардам берүүнү караштырат”, - деди Э.Асрандиев.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Бекешев өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу өкмөт муктаж болгон жарандарга азык-түлүктөрдү акысыз алуу боюнча карточка иштеп чыгышы керектигин сунуштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн