Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:19
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Өзгөчө абалда иштеп жаткан милиция кызматкерлери медициналык кароодон өтөт

28.04.2020 14:17
1167
Өзгөчө абалда иштеп жаткан милиция кызматкерлери медициналык кароодон өтөт


Жалал-Абад облусунда өзгөчө абал режиминде иштеп жаткан милиция кызматкерлери медициналык кароодон өтөт. Бул тууралуу 28-марттагы брифингде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков айтты.

 

“Санитардык-карантиндик посттордо турган бир катар кызматкерлерибиз бар, блокпосттордо кызмат өтөп жаткандар бар. Андан сырткары, күнүмдүк турмушта санитардык эрежелерди сактоого үндөп, элдер менен түздөн-түз иштеген, кээ бир учурларда мыйзамдарды бузгандарды жоопкерчиликке тарткан кызматкерлер бар. Өзгөчө абалдан соң бул кызматкерлер медициналык кароодон өтөт.  Буга чейин 25-марттан 15-апрелге чейин кызмат өтөгөн тартип сакчылар нөөмөт алмашкандан кийин анализ тапшырышып, обсервацияга алынып жаткан. Азыркы учурда да мындай иштер уланып жатат”, - деди Жоробеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн