Бугу 22, 2025
Убакыт: 18:03
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Өзгөчө абалды токтотуу же узартуу чечими 15-апрелден кийин билинет

07.04.2020 09:31
1177
Өзгөчө абалды токтотуу же узартуу чечими 15-апрелден кийин билинет

Өлкө аймагында өзгөчө абал режимин улантуу же токтотуу тууралуу чечим 15-апрелден кийин белгилүү болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 7-апрелде онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул маселени азыртадан болжолдоп айтууга эрте. Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал кандай өңүттө өнүгөт 8 күндүн ичинде белгилүү болот.

“Биз бул мезгил ичинде эпидемиологиялык абалга карап туруп, Республикалык штабда талкууга коёбуз. 15-апрелден кийин кырдаалга жараша чечим чыгат”, - деди министр.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн