Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:07
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өзгөчө абалдын алынышы менен коронавирустун жаңы толкуну башталбайбы?

27.04.2020 10:55
1234
Өзгөчө абалдын алынышы менен коронавирустун жаңы толкуну башталбайбы?


Эгерде өзгөчө абал режиминин алынышы менен массалык түрдө жаңы толкун башталса, кайрадан карантин киргизип, обсервациялык чараларды кабыл алуу зарылчылыгы туулат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 27-апрелде онлайн брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, карантин – бул инфекциялык оорулардын жайылышын алдын алуудагы радикалдык чара. Европа өлкөлөрүндө, Кытайда бул тажрыйба жакшы таасир берип, мыкты жыйынтык көрсөтүп жатат. Элдин массалык чогулуусуна тыюу салуу, социалдык аралыкты сактоо чаралары эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууга жардам берет жана жуктуруу тобокелчилигин азайтат.


Эгерде өзгөчө абал режиминин алынышы менен кайрадан жайылуу башталса, анда чектөө чараларын кайрадан киргизүү зарыл болот. Бирок азырынча эпидемиологиялык абал көзөмөлдө турат. Жаңы толкундун башталып кетүү мүмкүндүгү тууралуу айтуу эрте”, - деди орун басар.

   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн