Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өзгөчө абалдын тартиптери күчөтүлдү

31.03.2020 10:31
842
Өзгөчө абалдын тартиптери күчөтүлдү


Бишкек шаарында өзгөчө абалдын тартиби күчөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев айтты.


Анын айтуусуна караганда Бишкек шаарында өзгөчө абалдын тартиптерине карабай көчөдө жүргөн жарандар көп болуп жатат. Мындан улам комендант жаңы кошумча эрежелерди киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон.


Алардын арасында төмөнкүлөр бар:


1. Шаар ичинде жөө жүрүүгө жана унаа менен жүрүүгө тыюу салынат, төмөнкү учурлардан сырткары:


- жашаган жеринен жумушуна чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;


- каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;


- үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 минутадан көп эмес;


- ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;


- адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда ж.б.у.с. учурларда үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.


2. Туугандарга, досторго, кошуналарга ж.б. конокко барууга тыюу салынат;


3. Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп чогулууга тыюу салынат;


4. Жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат;


5. Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун.


Ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берилбеген бардык мекемелер өзгөчө абал учурунда жумушун токтотуп же аралктан иштесин деген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн