Өзгөчө абалдын узарышы менен уруксат берүүнүн мөөнөттөрү да автоматтык түрдө узарат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, дүкөндөр үчүн, тамак-аш, азык-түлүктөрүн ташуучулар жана өндүрүүчүлөр, банк кызматкерлеринин уруксаат берүү кагаздары боюнча маселе чечилди. “Эртең палатада ушул маселелер боюнча дагы көйгөйлөрдү чечүүнү караштырабыз”, - деди ал.
Комендант кошумчалагандай, өзгөчө абалдын мөөнөтү узарып калса, берилген
уруксат кагаздарынын мөөнөттөрү да өзүнүн буйругу менен 16-апрелден баштап автоматтык
түрдө узарат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн