Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөчө абалга карабай жазгы айдап-себүү иштери үзгүлтүккө учурабайт, - Боронов

14.04.2020 10:47
1074
Өзгөчө абалга карабай жазгы айдап-себүү иштери үзгүлтүккө учурабайт, - Боронов


Өзгөчө абал жарыялангандыгына карабай республиканын аймактарында жазгы айдап-себүү иштери үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр, ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.


Анын айтымында, аймактарда жер айдоо иштеринде үрөндөрдү жана күйүүчү, майлоочу майларды алып өтүүдө блокпосттордо маселе жаралбайт. Штабдарга да тапшырма берилди.


Учурда республика боюнча 345 миң гектар жерге айдап себүү жумуштары жүргүзүлдү же 54%га жумуш аткарылды. Муну менен быйыл 50 миң гектарга көбөйүп жатат. Кылкандуу дан эгиндерин айдап себүүгө 64 миң тонна үрөн керектелсе, учурда 61 миң тоннасы камсыздалды же 95 пайызга үрөндүн запасы даяр.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн