"Ош электр" ишканасы өз кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда үйлөргө рейд жүргүзүп, жылыткычтарга мөөр (пломба) басууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Буга байланыштуу "Ош электр" Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында рейддерди уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын жүрүшүндө, токту чектен ашыкча колдонгон учурлар аныкталып, энергияны көп талап кылган жылыткычтарга убактылуу мөөр басылган.
Мындай чектөө Кадамжай РЭТинде электр энергиясын колдонуу лимиттен 24 пайыз ашып кеткендиктен колдонулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн