Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөчө кырдаал баштыгында эмнелер болуш керек?

23.01.2024 18:39
219
Өзгөчө кырдаал баштыгында эмнелер болуш керек?


23-январга караган түнү Кыргызстандын аймактарында 3 баллдан 6 баллга чейин жер титиреди. Мындай учурда сиз өзүңүз менен алып жүргөн буюмдар салынган баштыкты алып, дароо үйдөн чыгып кетиңиш зарыл. Ага эмнелерди салыш керектигин билесизби?

Өзгөчө кырдаалга даярдалган баштык караңгыда көзгө көрүнө тургандай ачык түстө болушу керек. Аны ар дайым үйдүн кире беришинде, алып чыкканга ыңгайлуу жерге койгон оң. Баштыкта төмөнкү буюмдар болушу керек:


Эгерде жер титирөө учурунда үйдүн ичинде болсоңуз бөлмөдөгү бурч, столдун асты, дубалдардын бириккен жери сыяктуу эң коопсуз жерди табыңыз. Эч убакта терезеден секирбеңиз. Жер титирөө, өрт учурунда лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүңүз. Ошондой эле үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз. 

Эгерде жер титиреп жатканда сыртта болсоңуз, кыйрап калуу коркунучу бар курулуштардан, имараттардан, мамычалардын жана дарактардан алыс болуңуз. Урандылардан жаракат албаш үчүн ачык жерге баруу зарыл.

Зилзаланын болорун алдын-ала божомолдоо мүмкүн эмес. Бирок жер силкинер алдында бош турган нерселер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Ушул белгилерди байкасаңыз дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге чыгып кетүү зарыл.

Булак: t-media

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн