Коронавирус илдетине байланыштуу өлкөдөгү 2 районго өзгөчө кырдаал киргизилди. Бүгүн кечке чейин өкмөт башка аймактарга да өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин карап чыгарын, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште бүгүн, 20-мартта айтты.
Буга чейин, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жарандарды коргоо боюнча мыйзам бар экенин айтып, өзгөчө кырдаал киргизүүгө райондук, облустук жана республикалык баскычтар бар экенин билдирген.
“Эгер кайсыл бир айыл өкмөтүндө коронавирус аныкталса, анда Кытайдын тажрыйбасы менен, райондук деңгелдеги өзгөчө кырдаал киргизилет. Ал жер тургундардын кирип чыгуусуна мүмкүнчүлүк бербөө үчүн тегерете тосмого алынат”, - деген Өмүрбекова.
Ал эми, коронавирус бир нече аймакта катталса анда өзгөчө кырдаал республикалык деңгелде жарыяланат. Эгерде илдет жуктурган адам башка облустардагы адамдар менен байланышкан болсо анда да өзгөчө кырдаал жарыяланарын вице-премьер айткан.
Өзгөчө кырдаал деген эмне?
Өзгөчө кырдаал – белгилүү аймакта, адамдардын өлүм-житимине, денсоолуктарына зыян келүүсүнө алып келген жагдай.
Өзгөчө кырдаалды ким киргизет (жарыя кылат) алат?
Президенттин жарлыгы менен киргизилип, ыкчам түрдө Жогорку Кеңешке кабар берилет. Парламент аны жактырып же тескерисинче артка кайтарып, айрым учурда жобону өзгөртүп, өзгөчө кырдаал режимин алып сала алат.
Өзгөчө кырдаал жарыяланганда кимдер башкарат?
Өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин Коргоо министрлигине аймактардагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тескөөчү жана аткаруучу милдеттери толук же тийиштүү чекте өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар атайын убактылуу органдарды түзө алышат.
Мамлекеттик органдар өзгөчө кырдаал учурунда кандай чараларды колдоно алат?
Өзгөчө кырдаалдын шартында белгилүү бир жагдайларга жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары төмөндөгү өзгөчө чараларды көрө алышат:
1. Коомдук тарипти жана калктын жашоосун жана эл чарбалыгынын иштешин камсыз кылуучу объектилерди коргоого, ички иштер органдарынын, ички аскерлердин, Улуттук гвардиянын жана Коргоо министрлигинин бөлүктөрүн тартууну;
2. Туруктуу же убактылуу турак-жайды милдеттүү түрдө берүү менен коркунучтуу чөлкөмдөрдөн жарандарды убактылуу көчүрүүнү;
3. Жарандардын келип - кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүүнү;
4. Айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну, коомдук тартипти бузган жергиликтүү эмес тургундарды, анын ичинде чет элдик жарандарды, алар туруктуу жашаган жерден же өзгөчө абал жарыяланган жерден сыртка өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберүүнү;
5. Жарандардан ок атуучу жана ок атпоочу куралдарды жана ок дарыларды, ал эми
ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан окуп - үйрөнүчү аскер техникасын,
жарылуучу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды таасири күчтүү химиялык
жана уу заттарды убактылуу алууну.
6. Чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну;
7. Ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана сатуу боюнча пландарына
өзгөртүү киргизүүнү, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн
өзгөчө тартибин белгилөөнү, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка
маселелерин чечүүнү;
8. Мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кызматка
коюуну жана бошотууну, жүйөлүү себептерден башка учурларда, жумушчулардын жана
кызматчылардын өз ыктыяры менен иштен бошонуусуна тыюу салууну;
9. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды коюу үчүн мамлекеттик
ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстарын пайдаланууну;
10. Иш таштоолорго тыюу салууну;
11. Эмгекке жарактуу жарандарды ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы
ишке, ошондой эле эмгек коопсуздугун камсыз кылуу менен өзгөчө кырдаалдардын
кесепеттерин жоюу иштерине тартууну;
12. Курал-жарактар, таасири күчтүү химиялык жана уу заттар, ошондой эле спирт
ичимдиктери жана спирттүү заттар менен соода кылууга чек коюуну же тыюу
салууну;
13. Карантин киргизүүнү жана башка милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга
каршы иш-чараларды жүргүзүүнү;
14. Эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн курчутууга
пайдаланылса, көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү
аппаратураны, аудио - жана видео техниканы пайдаланууну чектөөнү же тыюу
салууну, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюуну, массалык маалымат
каражаттарына киргизүүнү;
15. Байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү;
16. Дипломатиялык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарынан башкалардын транспорт каражаттарын анын ичинде чет элдик
транспорт каражаттарын чектөөнү жана аларды карап чыгууну;
17. Коменданттык саатты киргизүүнү;
18. Кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган саясый партиялардын, коомдук
уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин
иш-аракеттерин токтото турууну;
19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган, жарандардын куралдуу
кошуундарын түзүүгө жана алардын иш-чараларына тыюу салууну;
20. Көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүүнү, ал эми зарыл
учурларда жарандарда курал бар экендигин билдирген мааалымат болсо, жекече
типтүүнү, буюм-тайымдарын, транспорт каражаттарын типтүүнү колдоно алышат.
Жогоруда жазылган коменданттык сааттын тартиптерин бузса, баш тартуу кезиксе, тартип бузууга алып келчү, чагымчылдык жаратчу айың, имиштерди жайылтса жазалоо каралган. Андан сырткары, милицияга, аскерлерге жана милдетин аткарып жаткан кызматкерлерге баш ийбегендер да жазага кириптер болот.
Пикирлер (1)