Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Өзгөчө кырдаал кирди! Үйдө убакытты кантип кызыктуу өткөрүү керек?

21.03.2020 17:56
924
Өзгөчө кырдаал кирди!  Үйдө убакытты кантип кызыктуу өткөрүү керек?


Коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу максатында өлкөдөгү бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар, ресторандар убактылуу жабылганына байланыштуу эмне менен алек болууну билбей жатсаңыз биз алектенүүчү нерсени сунуштайбыз!


Үй иштерин бүтүрүңүз


Эң негизги дары-дармек бул физикалык жактан кыймылда болуу. “Эгер оорусаң айланаңы тазалап көр, балким сакайып кетүүң мүмкүн” деп бекеринен айтпаса керек. Демек айлана чөйрөнү жана коро жайды тазалоого да шарт түзүлдү.




Кино жана сериалдарды көрүү


Учурда дүйнөлүк онлайн кинотеатрлар тасмаларды акысыз көрүүгө мүмкүн кылып койду. Демек каалаган киноңузду көрүп күнүңүздү жагымдуу өткөрүңүз. Эгер тасмаларды  интернеттен издеген сизге кыйынчылык жаратса Youtube каналында болгон окуялардын негизинде тартылган документалду кинолордун чоң томтомдору бар.

 


Спорт менен машыгыңыз

 

Youtube каналында үй шартында машыгуу үчүн акысыз видео сабактар көп. Көнүгүүлөрдү туура аткарган болсоңуз ийгилик көпкө күттүрбөйт.

 


Онлайн билим алыңыз


Эртеби кечпи карантин бутөт. Ал эми убакыттан өткөн баалуу нерсе жок. Демек бош убакыңызды өзүңүздүн дүйнө таанымыңызды өстүрүүгө жана жаңы нерселерди үйронүүгө сарптаңыз. Youtube каналында финансы тууралуу Роберт Кийосак, Дональд Трамп, Джек Ма, Саидмурод Давлатов жана башкалардын онлайн тренингдерин көрсөңүз болот. Мындан сырткары аудио китептерди уксаңызда чоң таасирин тийгизет.

 



Концерттерди көрүңүз


Youtube каналынан же башка интернет сайттардан чет элдик ырчылардын жана юмористтердин видеолорун көрсөңүз болот. 




Баардык нерсенин соңу бар, бул кырдаал деле убактылуу!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн