Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзгөчө кырдаал учурунда электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет

23.03.2020 15:23
757
Өзгөчө кырдаал учурунда электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет

 

Өзгөчө кырдаал учурунда электр энергиясы өзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.


Бардык энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен селектордук кеңешме өткөрдүм. Кеңешменин жүрүшүндө өлкөбүздүн аймагына коронавирусту алып кирүү жана андан ары жайылтууга жол бербөө жана бардык объекттерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча сунуштардлы кыйшаюусуз аткаруу милдеттери коюлду. Диспетчердик, авариялык-калыбына келтирүү кызматтары жана оңдоп-түзөө бригадалары күчөтүлгөн режимде иштөөсү зарыл. Калк, социалдык объекттер жана мамлекеттик мекемелер электр энергиясы менен камсыз болуусу керек. Карантин жарыяланган аймактарда өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн пландалган оңдоп-түзөө иштерин токтото туруу зарыл», - дейт Назаров.

 

Ошондой эле Айтмамат Назаров компанияларда вирустун таралуу тобокелдигин жокко чыгаруу үчүн бардык аракеттерди камсыздоо зарылдыгын билдирип, административдик кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгүн үйдө олтуруп аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылганын белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн