Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал узартылуусун көпчүлүк колдобойт! Сурамжылоонун жыйынтыгы

14.04.2020 15:12
1122
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал узартылуусун көпчүлүк колдобойт! Сурамжылоонун жыйынтыгы


Кечээ, 13-апрелде биринчи вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Ал өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу мамлекет башчысына маалымат берип, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин узартууну сунуш кылды. Мындан улам “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги өз окурмандары арасында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин узартуу керекпи деп сурамжылоо жүргүзгөн.


Анын жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү  өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин узартуунун кереги жок деп добуштарын беришкен.  


Сурамжылоонун жүрүшүндө орус тилдүү окурмандар менен кыргыз тилдүү окурмандардын ортосунда ача пикир келип чыккан.  


Кыргыз тилдүү окурмандардын көпчүлүгү, тактап айтсак 75 пайызы (36 добуш) узартууну колдошсо, 25 пайызы (12 добуш) чектөөнү токтотуу керек деген пикирлерин билдиришкен.  


Ал эми орус тилдүү окурмандардын 58 пайызы (213 добуш) чектөөнү токтотууну колдошсо, 42 пайызы (152 добуш) өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалды улантуу керектигине кошулушкан.  


Эки тилдеги тең окурмандардын сурамжылоолорун кошкондо чектөөнү алуу керек дегендер 60 адамга көп болуп басымдуу добушка ээ болушкан.    


Сурамжылоонун жыйынтыгы: 


Ооба, кырдаал турукташа элек - 188 добуш (45,52%)

Жок, элдин кыймылын чектөөнү токтотуш керек - 225 добуш (54,48%)

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн