Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Өзгөчө кырдаалдар министри Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды

03.08.2023 09:36
624
Өзгөчө кырдаалдар министри Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун, 2-августта саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районунун Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптаган.

Облуста жумушчу сапарда жүргөн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дароо аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышты.

Жергиликтүү тургундар менен кезиккен министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрүн куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп чыгарын, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи.

Ошондой эле аймактын эли Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар суроолоруна жооп ала алышты.

Учурда жогорудагы айылдардагы турак үйдүн короо жана жер төлөсүн ӨКМдин куткаруучулары тазалоодо. Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн