Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Өзгөчө кырдаалдар министри Россиядагы кесиптеши менен жолугушту

19.02.2021 09:21
412
Өзгөчө кырдаалдар министри Россиядагы кесиптеши менен жолугушту

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев  Россияга  иш сапар менен барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.


Министр Бообек Ажикеев Президент Садыр Жапаровдун жакын арада жасай турган иш сапарынын алкагында, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен маселелерди алдын ала талкуулоо үчүн барган.


Маалым болгондой, эки министр бүгүн жолугуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билим берүү тармактарында кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелерин талкуулашты. Ага ылайык, жакынкы аралыкта кыргызстандык куткаруучулар жана суучулдар үчүн окутуу курстары каралат.


Ажикеев Орусиянын туруктуу колдоосу үчүн жана Кыргызстан элине жиберип турган техникалык-гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Ал эми Орусиянын министри Евгений Зиничев Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу маселелерди илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн