Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Өзгөчө оор кылмышка шектелип жашынып жүргөн жаран кармалды

04.11.2021 17:09
1138
Өзгөчө оор кылмышка шектелип жашынып жүргөн жаран кармалды


Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Б.Б. зордуктоо беренеси менен шектелип, тергөө амалдарынан изин жашырып качып жүргөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылдын июнь айында Кара-Буура райондук милиция тарабынан издөө жарыяланган. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.


Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш жүргүзүүлөрүнүн натыйжасында аталган жаран Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Буура РИИБне алынып келинди. Түшкөн маалыматтарга ылайык, ал жакын туугандардыкында жашырынып жүргөн, ошол учурда милиция кызматкерлери колго түшүрүштү. Соттук өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүү азыркы учурда тергөөдө сурак берүүдө. 


Аталган факты боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн