Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөн базарындагы мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

19.10.2023 12:46
236
Өзгөн базарындагы мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Өзгөн базарындагы мыйзамсыз сатылган 87 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

Жыйынтыгында 87 млн 57 миң сомго бааланган Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 чарчы метрди түзгөн жер тилке Өзгөн шаардык мэриясынын балансына алынып, мамлекеттик каттоо органы тарабынан тийиштүү мамлекеттик акты берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн