Мейматкулов Руслан Маматибраимович Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пункттуна ылайык жүргүзүлдү.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн