Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:12
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Өзгөн районунда үч мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды

29.01.2024 16:51
360
Өзгөн районунда үч мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды


Бүгүн, 29-январда Өзгөн районунда үч мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Дарыканалар Өзгөн, Мырза-Аке жана Куршаб Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ачылды.

Министр өз сөзүндө калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында быйылкы жылы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын баса белгиледи.

Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Өзгөн Жалпы дарыгерлик практика борборунда райондогу алгачкы мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылган. Эми Өзгөн районунда 4 мамлекеттик дарыкана иштейт. Жалпы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардыын саны 58ге жетти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн