Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өзгөн районунда заманбап төрөт үйүнүн курулушу аяктоодо

13.08.2020 19:44
1426
Өзгөн районунда заманбап төрөт үйүнүн курулушу аяктоодо


Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка таянсак, аталган төрөт үйү 60 орунга ылайыкталган, 1965-жылы курулган. Пайдаланууга берилген учурдан тартып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес.


Жаңы имарат куруу зарылдыгы тууралуу маселе бир нече ирет көтөрүлгөн, бирок каржылоонун жоктугунан маселе чечилбей келген.


Маселени чечүү үчүн кувейттик Ас-Сафа кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2019-жылдын декабрында төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратын салуу башталган.


Азыркы учурда курулуш иштеринин көпчүлүк бөлүгү жыйынтыкталды, 2020-жылдын күзүндө пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө.


Бөлүмдүн жаңы имараты заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат.


Президент Сооронбай Жээнбеков заманбап талаптар менен жабдылган мындай ооруканалардын болушу -  бул баарынан мурда айылдыктардын саламаттыгына кам көрүү экендигин канааттануу менен белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн