Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды

15.01.2024 16:04
629
Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды


Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автомобиль жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов билдирди.

Долбоорго ылайык, узундугу 14 чакырымды түзгөн айланма жол курулат. Ошондой эле узундугу 206, 75 жана 12 метрди түзгөн 3 жаңы көпүрө курулат. Долбоордун курулушунун жалпы наркы 29, 4 млн долларды түзөт.

"Курулуш, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө жеке өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин өнөктөш жолду мамлекетке өткөрүп берет", - деди агенттиктин директору.

Белгилей кетсек, Өзгөн шаарынын айланасында айланма унаа жолу куруу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 2023-жылдын декабрында кол койгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн