Мыйзамда көрсөтүлгөн беренени бузгандыгы үчүн Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш берилди. Бул туурасында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
30-октябрда "Өзгөн шаарынын күнү" алкагында иш-чараларды уюштурууда шаар мэри "Кыргыз Республикасынын тили жөнүндө" мыйзамдын 7-беренесин бузууга жол берген. Мындан улам шаар башчысы Нодирбек Каримовго сөгүш берилди. Эгерде аталган мыйзамды мындан ары да бузууга жол берилсе, ээлеген кызмат орду каралат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн