Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзгөндө 13 жаштагы Диана Маматкалилова дайынсыз болууда

04.11.2022 13:25
304
Өзгөндө  13 жаштагы Диана Маматкалилова дайынсыз болууда

Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга 2-ноябрда Өзгөн районунун Куршаб айылынын 37 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын 29-октябрында 13 жаштагы кызы Маматкалилова Диана Бакытбековна Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.


Кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ак түстөгү спорттук кофта, кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.


Белгилери: бою 155-160 см, арыкчырай, ак жуумал, чачы кара, узун, кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичинекей калы бар.


“Диана Маматкалилова тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшуңуздарды суранабыз: тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93”, - деп белгилешти милициядан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн