Ош облусунун Өзгөн шаарынын борборундагы жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү токтомду шаардын мурдагы мэри чыгарган. Атайын кызмат бул чечимди мыйзамсыз деп таап, сотко кайрылган.
Иштин жыйынтыгы менен Ош облустук соту жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу чечимин чыгарган. Көрсөтүлгөн объект Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн