Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордукталды

27.07.2021 13:36
994
Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордукталды

Өзгөн шаарында 12 жаштагы кыз зордукталганы айтылууда. Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, окуя 23-июль күнү катталган.


Бул окуяны Өзгөн райондук прокуратурасы тастыктап, 12 жаштагы кызга байланыштуу окуя Өзгөн РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди. Ошондой эле жабырлануучуга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.


Шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда Өзгөн РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.


Булак: "Турмуш"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн