Бугу 04, 2024
Убакыт: 16:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзгөндө 25 жаштагы жаранды уруп, денесине бычак менен жараат келтирген 3 жаран кармалды

08.08.2022 09:47
449
Өзгөндө 25 жаштагы жаранды уруп, денесине бычак менен жараат келтирген 3 жаран кармалды

Өзгөндө кылмышка шектүү 3 жаранды кармоо боюнча атайын иш чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


2022 -жылдын 5-августь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн жана КРнын ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө 25 жаштагы М. уулу Н уруп, бычак менен денесине жарат келтиргендиги үчүн Өзгөн шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Х. Ш жана 29 жаштагы З. Ш.,27 жаштагы М. угли Х кармоо боюнча атайын ыкчам иш аракеттер өткөрүлгөн. Иш чаранын натыйжасында жогоруда аты аталган жарандар кылмышка шектүү катары кармалышкан.



Маалыматка караганда, 2022-жылдын 3-июнь күнү саат 03:54 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн 1997-жылы төрөлгөн тургуну М. уулу Н денесинен жараат алып Өзгөн аймактык ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө райондук бейтапканадан Өзгөн РИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.


Бул жагдай боюнча, 2022-жылдын 3-июнунда, Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды каттоо журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 2022-жылдын 3-июнунда Өзгөн райондук ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнө кайрылган М. уулу Н денесинен алган жараатын аныктоо максатында, 2022-жылдын 3-июнунда соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, 2022-жылдын 07-июнундагы №102 сандуу корутундусуна ылайык, М. уулу Н башынан жабык түрдөгү жараат алгандыгы, ал эми, оң бутунан алган сынык жарааты анча оор эмес жарааттардын катарына кирээри маалым болуп, 2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын курамынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы факты боюнча денесинен жараат алган М. уулу Н денесине жараат келтирген атуулдардын өздүгү такталып, ал атуулдар кылмыштуу кыймыл аракеттери менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 131-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн кармалышып, кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн