Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:18
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Өзгөндө 3 жаштагы наристе өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

17.02.2021 14:24
967
Өзгөндө 3 жаштагы наристе өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 17-январь күнү саат 14:30 чамасында Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну 3 жаштагы Ш.Ф. денесинен жараат алып Өзгөн аймактык ооруканасына келип түшкөн. Анда бала каза болуп калганын дарыгерлер айтышкан.


Бул окуяда кылмыштын курамы байкалгандан улам, ошондой эле күбөлөр каза болгон баланы белгисиз унаанын айдоочусу сүзүп кетип, талаага таштап кеткен деген маалыматтарды беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


"Тергөөнүн жүрүшүндө 17-январь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 15 жаштагы М.А. айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип алып барып. Эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен жабырлануучу урганда ал эс учун жоготуп жатып калган. Андан кийин башын таш менен чаап, өсүп турган камыштын арасына ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.


Мындан сырткары, шектүү жактоочу жана мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен окуя болгон жерди көрсөтүп берген. 15 жашар шектүү кылмышты 3 жашар маркум бала аны уят сөз менен сөккөндүктөн кыжыры келип ушул жолго барганын айтып берген. Кылмышка шекүү Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окуйт. Ата-энеси бар. 3 бир туугандын улуусу. Жашоо шарты орточо. 15-февраль күнү шектүү Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн