Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өзгөндө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун өкүлү кармалды

06.04.2022 14:18
385
Өзгөндө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун өкүлү кармалды

“Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун Өзгөндөгү өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын   кызматкерлери  жалган жашыруун ат менен   бир  жаран интернет   тармагында ушул айдын февраль айынан тартып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдарды активдүү  жайылтып   жаткандыгы туурасында маалымат алышкан.

Бул факты боюнча    Кыргыз Республикасынын КЖКнин 332-беренеси боюнча   (Эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу)   кылмыш иши козголгон.

Бул багытта жүргүзүлгөн оперативдүү иштердин  алкагында жарандын өздүгү, жашаган жери  аныкталган. Ал  Ош облусунун Өзгөн шаарынын  тургуну, .1969-жылы туулган .  Т.Б. болуп чыккан.


 Тергөө  амалдарынын жүрүшүндө, Т.Б. активдуу түрдө интернет социалдык тармактары аркылуу “Хиз ут-Тахрир аль Ислами” уюмуна таандык болгон диний-экстремисттик адабияттарын жайылтып жана Өзгөн шаарынын кээ бир тургундарына бул уюмдун идеяларын жайылтуу  иштерин жашыруун жүргүзүп  жүргөндүгү аныкталды. Ошондой эле шектүү   Өзгөн шаары боюнча  “Хизбут Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун лидери болгон. Анын жанынан аталган уюмга таандык,электрондук форматта сакталган материалдар сакталган телефондор алынды.  


Азыркы учурда, кармалган шектуу Ош ШИИБнын УКЖна киргизилип, анын  кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары улантылууда.

Сүрөттө:кармалган шектүү Т.Б.


              

                                             

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн