Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:01
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча митингге чыккандар суракка чакырылууда (Фото)

26.04.2021 17:53
2380
Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча митингге чыккандар суракка чакырылууда (Фото)

Өзгөн районунда 25-апрелде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бербөө үчүн өткөн митингде  журналистке болгон кол салуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы 24.кг агенттигине билдирген. 


Анын айтымында, бейбаштык беренеси боюнча иш козголгон.


"Митинг учурунда бир нече адам журналистке кол салышты. Алар милициянын курчоосунан чыгып, медиа кызматкерге кол салгандагы учур  видеого түшкөн. Арыз жок болсо дагы, процессти факты болгондон кийин жүргүзүшүбүз керек. Ошондуктан, бир нече митингчилер суракка чакырылды", - деди Жеңишбек Аширбаев.


Митингдин катышуучуларынын айтымында, мөөнөтсүз митингдин активдүү катышуучулары Өзгөн РИИБине суракка чакырылышты.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурис
Суракка ?!.. бул эмне деген беспредель!!!!???