Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзгөндө аялына келип жүргөн кишини бычып салды делген жаран кармалды

Өзгөндө аялына келип жүргөн кишини бычып салды делген жаран кармалды


Өзгөн районунун Куршаб айылында аялына келип жүргөн кишини бычактады деген адам кармалганын Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.


Буга чейин окуянын видеосу социалдык тармакка тараган. Кадрдан бир кишини экинчи эркек жылаңачтап, түркүккө байлап алып сөгүп жатканын көрүүгө болот. Бутунан агып түшкөн кандан жер кызыл жаян болуп калган.


"Сага ушу керек. Мына серке (бычылган теке - ред.) болдуң эми. Ушул сенин сазайың. Башында ушуну ойлонуш керек болчу. Эри жок аялдар толтура жүрөт го. Ошолорго барбайсыңбы", — деп жатат видеого тарткан адам.


Ош облустук милициясы эки киши тең Куршаб айылынын 44 жаштагы тургундары болгонун билдирди.


"К.Ш. 13-ноябрь күнү Э.Т. аттуу айылдашын үйүнө чакырып, бычак менен денесине зыян келтирип электр мамычасына жип менен байлап койгон", — деп айтылат маалыматта.


Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөрү келген. Тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.


Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү ("Ден соолукка оор залал келтирүү") боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.


Шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну кармалып, камакка алынган, ал эми Э.Т. ооруканада жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн